БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ооруканасында бир жаштагы кыз чарчап калып, чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Наристе ооруканага Боз-Учук айылынан алып келинген. 10-январь күнү милицияга райондук ооруканадан бир жашар бала чарчап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Жандандыруу бөлүмүндө көз жумган бөбөктүн көкүрөк жана далы жагы көгөрүп калгандыктан факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, кечээ, 14-январь күнү, кыздын чоң энесинен милицияга арыз түшкөн.
Маалыматка караганда, бөбөктүн атасы бир жыл мурда каза болгон. Ал эми апасы Түркияга иштөөгө кеткен. Жубайлардын дагы бир эркек баласы бар. Аны чоң энеси тарбиялап келет. Ал эми кызды тайлары багып жүрчү.
Милициянын билдирүүсүндө, чоң эне небереси ур-токмоктон чарчап калды деп шектенип, анын өлүмүнүн себебин тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылды.