Жалал-Абад: абакта отурган күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкеринин сөөгү табылды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
К.Д. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча шектелип 2018-жылдын 21-апрелинде кармалган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында төрт берене боюнча соттолуп жаткан укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкери өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 14-январь күнү саат 08:30да Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүүнүн сөөгү табылган.

"К.Д. аттуу 43 жаштагы соттолуучу убактылуу кармоочу жайдын камераларынын биринде жалгыз отурган. Ал бир нече кылмышка шектелип 2018-жылдын 21-апрелинде кармалган болчу", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган. Учурда тергөө иштери менен катар кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Абактагы шектүү адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө чоң энесин бычактады делген небере 2 айга камакка алынды
Милициянын билдиргенине караганда, өз жанын кыйган жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну болгон. Ал 2002-2006-жылдары укук коргоо органдарында иштеп, жасаган кемчиликтери үчүн жумуштан алынган.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча шектелип, шаардык сот тарабынан 7 жылга кесилген. Ошондой эле үй-мүлкү конфискацияланган. Андан соң жактоочусу жогорку инстанцияга даттанып, учурда иш Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан.

Күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерине төмөнкү беренелер боюнча кылмыш иши козголгон:

  • 350-берене — Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же пайдалануу (жасалмасын);
  • 241-берене — Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү;
  • 246-берене — Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү;
  • 168-берене — Каракчылык.
Жаңылыктар түрмөгү
0