Журналист Болот Темировго кол салды делген төрт киши кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОглашение приговора по делу о похищении сына Е.Касперского
Оглашение приговора по делу о похищении сына Е.Касперского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада Бишкекте үч белгисиз киши журналистке кол салган. Алар аны ур-тепкиге алып, телефонун алып кетишкен.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Журналист Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча төрт шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Булар коркуткан эмес беле? Москвада мекендештерин тоногондор кармалды. Видео
Алар: 1993-жылкы Д.Б. менен Б.А., 1992-жылы туулган Ж.Э. жана 1994-жылкы О.А. Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Колго түшкөндөр Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Күч колдонуу менен тоноо") боюнча айыпталып жатышат.

Эске салсак, 9-январь күнү Бишкектин Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде журналист Болот Темировду топ балдар сабап, телефонун алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0