13:32 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
325 0 0

Пикир келишпестиктен улам чоң энесин бычак менен көкүрөк тушка сайып, качып кетүүгө шектелген жигит бир айдан кийин кармалган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда чоң энесин бычактаган делип кармалган жигит эки айга камакка алынды. Бул туурасында Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарларды.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 12-декабрында Өзгөн шаарынын 23 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну 71 жаштагы чоң энесинен акча сурап жаңжалдашып, бычак менен көкүрөк тушка сайып, качып кеткен. Милиция ага издөө жарыялап, 10-январь күнү кармаган.

Небересинин колунан жаракат алган чоң эне учурда Өзгөн райондук аймактык ооруканасында дарыланып жатат. Абалы канааттандыраарлык.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тема боюнча

Өзгөндө чоң энесин бычактады деген небере кармалды
Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
Белгилер:
кармоо, кылмыш, чоң эне, небере, Өзгөн

ЭҢ МААНИЛҮҮ