05:36 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (60)
634 0 0

Окуядан кийин бөбөктү шаардык балдар клиникалык ооруканасына жаткырышкан. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу бир айдан кийин кармалды.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Борбор калаада төрт жаштагы баланы сүзүп кетти деген айдоочу бир айдан кийин кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Жол кырсыгы 2019-жылдын 4-декабрында болжол менен саат 14:00дө "Ак-Өргө" конушунун аймагындагы Гагарин көчөсүндө болгон.

"Жүк ташуучу унаанын айдоочусу төрт жаштагы баланы сүзүп, из жашырып кеткен. Бөбөктү апасы 3-шаардык балдар ооруканасына жеткирген", — деп жазылат маалыматта.

Аталган кылмышка шектелип жакында эле 26 жаштагы айдоочу кармалды. Анын "ГАЗ 53А" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы айып короого токтотулган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (60)

Тема боюнча

Кырсыктан кийин сөөктү алып чыгууга барган куткаруучуларды унаа коюп кетти
Жол кырсыгына кабылган Сокулук милициясынын башчысы кызматтан четтетилди
Белгилер:
айдоочу, кырсык, бөбөктөр, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ