БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Москвада кыргызстандык 17 жаштагы кызды мажбурлап турмушка беришкендиктен ал качып кеткен.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
2019-жылы декабрда Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 43 жаштагы аял кайрылган. Ал 17 жаштагы кызы Москвадагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтып, таап берүүнү суранган. Кыз Москвага 2019-жылдын сентябрь айында барган.
Териштирүү иштеринин натыйжасында аял кызын 26 жаштагы кишиге турмушка узатканы ачыкталган.
"Кыз табылды. Ал энеси кыйнап туруп белгисиз адамга күйөөгө бергендигин айтты. Жолдошу менен бир ай чогуу жашагандан кийин үйүндө эч ким жокто кийимдерин жыйнап кетип калган. Кыз Москвада батирге чыгып, өзүнчө жашоону ниеттенген", — деп айтылат билдирмеде.
Милиция кыз менен анын туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.