Бишкекте үйүнөн качкан кыз изделип жатат. Сүрөтү жана өзгөчө белгилери

© Фото / PixabayСлучаи пропажи девушек в КР
Случаи пропажи девушек в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жаштагы Амина Межахед 7-январь күнү саат 23:00дө апасынан ачкычты уурдап алып, үйдөн качып чыккан.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкекте шизофрения дарты менен жабыркаган кыз изделүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

25 жаштагы Амина Межахед 7-январь күнү саат 23:00дө апасынан ачкычты уурдап, үйдөн качып чыккан. Кыздын үстүндө кара куртка, кара спорттук шым жана бутуна көк түстөгү өтүк кийген. Бою 165 сантиметр. Оң колунда күйүктүн тагы бар.

"Аминанын апасы Россияда жашап жүргөн кыргыз жараны. Ал жактан кызын Ысык-Көлдүн таза абасына дем алдыруу үчүн алып келген. Жоголгон кыз өзүнүн кыймыл-аракетине толук жооп бере албагандыктан, милиция жардам сурайт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Анын кайда экенин билгендер (0755) 07-47-20, (0557) 11-94-10 номерлери аркылуу кабарлап койсо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0