Сокулук РИИБдин башчысы кабылган кырсык боюнча милиционерлер жазаланды

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиДТП с участием начальника Сокулукского РОВД
ДТП с участием начальника Сокулукского РОВД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz автоунаасы менен жүк ташыган микроавтобус кагышып, бир адам көз жумган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгын иликтөөнүн натыйжасында окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобунун мүчөлөрү жазаланды. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Презентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Аңтарылып кетти. Кайгуул милициянын унаасы бусту сүзгөн учурдун видеосу
Эске салсак, 7-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы болгон. Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышып, бустун айдоочусу жаракат алган. Ал эми бир жүргүнчүсү ооруканада көз жумган.

ЖКККБнын билдиришинче, ИИМ ыкчам-тергөө тобунун иши боюнча ички иликтөө жүргүзгөн.

"Буйрукта кырсык болгон жерге барган милиционерлер тиешелүү милдеттерин аткарбай койгону үчүн жаза алганы айтылат. Бирок кандай ката кетиргени тууралуу белгиленген эмес", — деп билдирди маалымат кызматы.

Ошондой эле ЖКККБ канча кызматкерге чара көрүлгөнүн да айта алган жок.

Кырсыктан кийин Чойбеков мас абалында болгон-болбогону боюнча экспертизадан өтүүдөн баш тартып койгон. Кийинчерээк Чүй облустук ИИББ анын иштен четтетилгенин кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0