Ош: көчөдөн табылган 2 жашар кыздын ата-энеси бир жумадан бери изделүүдө

© Фото / Pixabay/ StockSnapДевочка во время завтрака
Девочка во время завтрака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция бөбөк тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо (03222) 4-82-82 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылган эки жашар кыздын ата-энеси бир жумадан бери изделүүдө. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга шаардык милициянын маалымат кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков билдирди.

Бөбөктү 30-декабрга караган түнү саат 02.00дө Курманжан датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунан табышкан. 

© Фото / пресс-служба УВД города ОшОш шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылган эки жашар кыздын ата-энеси бир жумадан бери изделүүдө
Ош: көчөдөн табылган 2 жашар кыздын ата-энеси бир жумадан бери изделүүдө - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылган эки жашар кыздын ата-энеси бир жумадан бери изделүүдө
"Учурда кыз балдар үйүндө жашап жатат. Абалы жакшы, балдар менен ойноп жатат, бирок сүйлөй албайт. Бир жумадан бери милиция анын ата-энесин издөөдө", — деди Сыдыков.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 150-беренеси ("Кооптуу абалда калтыруу") менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Милиция бөбөк тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо (03222) 4-82-82 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0