Моргдо жаткан балдарын тааный албай... 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Гульдана ТаланбековаБишкектеги Республикалык патолого анатомиялык бюро (морг) . Архив
Бишкектеги Республикалык патолого анатомиялык бюро (морг) .  Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Союз тарагандан кийин өлкө аймагында социалдык-экономикалык абал өтө начарлап, кылмыштуулук күч алган. Айрым учурда жөнөкөй адамдардын төбө чачын тик тургузган иштерге укук коргоо кызматкерлери да барган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун январь айында чыккан гезит беттерин барактап, 1995-жылдын башында болгон чуулуу иштерди тизмектеди.

Бала бакчаны тоноп

УКМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Юристанбек Шыгаевден 20 миң доллар талап кылган УКМК кызматкерине өкүм чыкты
22 жаштагы жигит бала бакчаны тоноого бел байлаган. Эргул колуна тапанча алып директордун кабинетине кирип, жаш кызды жана жетекчисин барымтага алып, сейфти ачтырып, тыйын-тыпырын жана тагынып жүргөн зер буюмдарын алып из жашырган. Ага чейин ал бир топ шаардыктарды карактап, шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, жанына бир-эки шерик таап алып көптөн бери карматпай келген. Сот аны 12 жылга эркинен ажыратты.

"Өзү берген..."

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жарым жыңалач болуп качып жүргөн эркекти милиция кызматкерлери кармап, ага жардам көрсөткөн. Ирандык жаран эки милиционерге акчасын, баалуу буюмдарын, кийимин алдырып, алардан катуу таяк жеп качып кутулгандыгын билдирген. Кийин колго түшкөн тартип сакчылары чет элдик жаран акчасын, зер буюмдарын, кийимин өзү бергендигин айтып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулууга аракет кылган.

Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучу кыз менен жыныстык катнашка барган киши соттолду. Соттук өкүм
Карызы үчүн жан берген ишкер

Борбор калаанын чок ортосундагы "Айчүрөк" дүкөнүндө таң эрте 40 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге милиционерлер келип ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп, маркум өзүн-өзү атып алганын аныктаган. Тергөө маалында анын мындай кадамга 50 миң доллар карызы үчүн баргандыгы белгилүү болгон.

Бир айылдан чыккан эки сөөк

Бишкектин четиндеги айылдардын биринде эки жаш жигит киши колдуу болгон. 19 жана 20 жаштагы баланы мас болуп көчөдө топтошуп жүргөндөр сабап, андан соң экөөнү көчөгө таштап салышкан. Каргаша болгон жерге келген милиция кызматкерлери жигиттердин бирин өлүкканага, экинчисин оор абалда ооруканага жеткизген. Бирок таяк жеген экинчи эркек да операциядан аман чыккан эмес. Балдарды белгисиз адамдар арматура менен сабаган, аларды ата-энелери да өлүкканада тааный албай койгон.

Акча аңдыган зөөкүрлөр

Куралдын огу. Архив - Sputnik Кыргызстан
АК-47 автоматынын бир огу менен кармалып кесилип кетти. Соттук чечим
Кылмышкерлер түркиялык 20 жаштагы эки ишкерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Зөөкүрлөр чет элдиктерди ур-тепкиге алып сабап, 25 миң долларды алып из жашырмак. Бирок акча ага чейин эле Түркияга жиберилгени аныкталган. Ошондо шектүүлөр экөөнү кыйнап, тапанча менен башка аткылап өлтүргөн. Калаа тургундарын дүрбөлөңгө салган окуяга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси да кийлигишип үн каткан.

Музейден уурдалган мылтык

Каракол шаарындагы музейде географ, саякатчы Николай Пржевальскийдин мылтыгы уурдалган. Кылмышкерлер музейдин терезесин талкалап кирип өз ишин жасап из жашырган. Адистер уурдалган экспонат баалуу деп саналарын, аны ири суммадагы каражатка сатууга болорун кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0