Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы жүк ташыган бус менен кагышты. Сүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
 Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кайгуул милициянын маалымат кызматы кырсык бүгүн саат 9.30дар чамасында болгонун тастыктады.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Тоголок Молдо жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милициянын автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында окуяга күбө болгондордун бири "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына кабарлады.

Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи тилкеден бурулуп... Кайгуул милициясынын унаасы кырсыктаган видео
Бишкек шаардык  кайгуул милициянын маалымат кызматы кырсык бүгүн, 6-январда, саат 9.30 чамасында болгонун тастыктады. Анда инспекторлордун автоунаасы жүк ташыган бус менен кагышканы айтылат.

Кырсыктын себептери такталууда.

Жыл жаңыргандан бери Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы катышкан жол кырсыгы экинчи ирет кайталанып жатат. Биринчиси 3-январда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0