Москвада жаңжалдаша кеткен кыргызстандыктардын бири бычак жеп каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи нападения с ножом на человека
Случаи нападения с ножом на человека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жаштагы жигиттин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү азырынча мүмкүн болбой жатат. Бул үчүн тергөөчүнүн уруксаты зарыл.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Москвада жаңжалдаша кеткен кыргызстандыктардын бири бычакталып каза тапканын КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, чыр 2019-жылдын 31-декабрында чыккан. Мушташтын натыйжасында 25 жаштагы жигит бычак жеп көз жумган. Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, маркумдун жакындарын кабардар кылган.

"Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Сөөктү тергөөчүнүн уруксаты менен соттук экспертизанын корутундусу чыккан соң гана алып кетүү мүмкүн. Тийиштүү документтерди даярдоо тергөө иштеринен жана эс алуу күндөрүнө байланыштуу кечиктирилип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0