Чүйдө жаңы жылдык майрам күнү 16 адам тамакка ууланган

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүСтолдо отурган адамдар. Архив
Столдо отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамакка уулангандардын төртөө үй-бүлө мүчөлөрү болсо, 12си конокко келген меймандар. Алардын ичинен алты жаштагы кыз ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда жаңы жыл түнү 16 адам тамакка ууланган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жайыл аймактык бириккен ооруканасынын дарылоо иши боюнча жетекчисинин орун басары Шаршебүбү Куттубаева билдирди.

Анын айтымында, уулангандар ооруканага 31-декабрь күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында кайрылышкан.

"Тамакка ууланып ооруканага 16 адам түштү. Анын төртөө үй-бүлө мүчөлөрү болсо, калганы конокко келген меймандар экен. Бирок 15 адам ошол эле күнү үйүнө коё берилип, алты жаштагы кыз гана жаткырылган. Бөбөк ооруканада бир күн дарыланып, андан соң 1-январда кечинде үйүнө чыгарылды", — деди Куттубаева.

Бейтаптар кайсы тамакка ууланганы азырынча белгисиз. Куттубаеванын айтымында, азыркы учурда тамактардан алынган анализдер экспертизага жиберилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0