Ошто эки жаштагы кыз түндө көчөдөн табылды. Ата-энеси изделүүдө

Жазылуу
Бөбөктү Тез жардам кызматынын өкүлдөрү 29-декабрда түндө көрүп калышкан. Ал көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жалгыз жүргөн.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ош шаарында эки жаштагы кыз табылып, эми анын ата-энеси изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, наристени 29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жүргөн жеринен табышкан. Аны Тез жардам кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар берген.

"Бөбөк балдарды реабилитациялоо борборуна өткөрүп берилген. Учурда аны аталган борбордун кызматкерлери карап жатат", — дешти милициядан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы тапта кыздын ата-энеси изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0