Бишкек: ЦУМдун жанында автоунаа өрттөндү. Видео

Жазылуу
Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 9.25те түшкөн.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бишкекте ЦУМдун жанындагы мобилдик кофейня күйдү. Окуя болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

ӨКМден бул маалыматты тастыкташты.  Билдирүүгө караганда, Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 9.25те түшкөн. Жерине бир өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн. Саат 9.38де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Жабыркагандар боюнча маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0