Бишкек: өткөн суткада канча киши жабыркап, канчасы каза тапты. Тез жардамдын маалыматы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАвтомобиль скорой медицинской помощи.
Автомобиль скорой медицинской помощи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардамдын маалыматы боюнча, борбор калаада 120 адам ооруканага түшсө, бир адам бычак жеп каза болгон.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкекте бир суткада 120 адам ооруканага жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, 31-декабрдагы саат 8:00дөн тарта 1-январдагы саат 8:00гө чейин Бишкектеги Тез жардам кызматына 759 адам кайрылган.

"Ар кыл диагноз менен 120 адам ооруканага жаткырылды. Анын ичинен бешөө автокырсыктан жабыркаган. Бирөө сабалган, дагы бири бычак жеген. Мындан сырткары, жети кишинин жашаган жери аныкталбай социалдык жайларга жеткирилген", — деп билдиришти министрликтен.

"Ала-Тоо" аянтында эки бригада нөөмөттө турган. Аларга бир ирет кайрылуу болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, беш киши Тез жардам келгенче каза болуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0