Тапанча такап карактаган. Бишкекте төрт шектүү колго түштү. Сүрөт

Жазылуу
Милиция шектүүлөрдү тез эле колго түшүргөн. Алардын арасында 17 жаштагы бала бар. Төртөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Милиция кишини карактоого шектелген төрт кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

26-декабрь күнү милицияга шаар тургуну кайрылып, бейтааныш төрт кишиге чара колдонууну өтүнгөн. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаКарактоого шектелген төрт киши
Тапанча такап карактаган. Бишкекте төрт шектүү колго түштү. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Карактоого шектелген төрт киши
"26-декабрь күнү саат 03:00дөр чамасында Абдумомунов менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен төрт киши арыздануучуга тапанча такап, 20 миң сомдук уюлдук аппаратын, жанындагы 1000 сомун алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Каракчылык" беренеси боюнча каттоого алынган. Милиция шектүүлөрдү тез эле кармаган. Алар 20 жаштагы Н.О. менен А.Н., 21 жаштагы Н.Ш. жана 17 жаштагы М.С. экени белгилүү болду. Шектүүлөр Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0