Бишкек: дүкөндөгү өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүПожар на Пятницкой улице в Москве
Пожар на Пятницкой улице в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттүн себептери азырынча белгисиз. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр менен милиция кызматкерлери иш алып барууда.

БИШКЕК, 29 дек — Sputnik. Бишкекте кийим-кече саткан дүкөндөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн биринен өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 22:53тө өчүрүлүп бүттү. Жеринде өрт өчүрүүчү эки унаа иштеди. Жабыр тарткандар жок.

Ал эми Бишкек шаардык милициясынан бидиришкендей, өрт чыккан аймакта Биринчи Май районунун милиция кызматкерлери иштеди. Өрттүн себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0