Алматыда кулаган учактан жаракат алган бир кыргызстандык ооруканага түштү

© Фото / Пресс-служба КЧС МВД РКАвиакрушение пассажирского самолета в Алматы
Авиакрушение пассажирского самолета в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, көп өтпөй эле эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Алматыда кулаган учактан Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, ооруканага түштү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Азырынча мекендештин абалы туурасында айтыла элек. Консулдуктун кызматкерлери анын ал-абалын билүү үчүн ооруканага бара жаткандыгы маалымдалды.

Авиакрушение пассажирского самолета в Алматы  - Sputnik Кыргызстан
Чыксак учак экиге бөлүнүп калыптыр... Алматыдагы авиакырсыктын алгачкы кадрлары
Sputnik Казакстан агенттиги Ички иштер министрлигине таянып, бортто Кыргызстандын бир, Украинанын эки, Кытайдын бир жараны болгонун жазды. Калган жүргүнчүлөр казакстандыктар болгон. Соңку расмий маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар.

Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Кырсыкка кабылган Bek Air авиакомпаниясынын учагында 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

Эске салсак, бүгүн учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0