Алматыдагы учак кырсыгы: ТИМ кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатат

© Фото / Пресс-служба КЧС МВД РКАвиакрушение пассажирского самолета в Алматы
Авиакрушение пассажирского самолета в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трагедиядан каза болгондордун саны 14 кишиге жеткени айтылды. Бүгүн учак абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Алматыдагы бүгүн таңда болгон учак кулаган кырсыкта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун КР Тышкы иштер министрлиги тактап жатат. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

"КРдин Алматыдагы Башкы консулдугу Казакстандын Чукул кырдаалдар департаменти менен байланышып, кырсыкка кабылгандардын ичинде кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн учак абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

Бортто 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0