Бишкекте Demio унаасын сүзгөн жолтандабастын айдоочусу мас экени айтылууда. Видео

© Sputnik / Андрей Варенков / Медиабанкка өтүүЖол тандабас. Архив
Жол тандабас. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы түндө Ахунбаев көчөсүндөгү Көк-Жар конушунда катталган. Жабыркагандардын айтымында, жолтандабастын ээси мас болгон.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкекте Lexus LX 570 үлгүсүндөгү авто Mazda Demio унаасын сүзүп, кырсыктан жеңил унаанын жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Sputnik агенттигине жабыркаган адамдын тууганы билдирди.

Жол кырсыгынан кийинки видео "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлдү.

Окуя 25-декабрда болжол менен саат 23:30да Ахунбаев көчөсүндөгү Көк-Жар конушунда болгон.

"Жолтандабас биздин унааны артынан келип сүздү. Автону калыбына келтирүүгө болбой калды. Lexus LX 570 унаасынан эркек киши түшүп, өз атын тыңыраак айта алган жок, бизге мастай сезилди. ЖКККББ кызматкерлери үч сааттан кийин келип, протокол түзүп, айдоочуну наркологияга алып кетти. Кырсыктан тууганым жабыркап, ооруканага барган. Азыр үйдө дарыланып жатат", — деди жабырлануучунун жакыны.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы аталган фактыны тастыктады. Автоунаа айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылды. Ал эми жолтандабастын ээсинин мас-соосу тууралуу ЖКККББ кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0