Өзгөн: ата-энесин карактап, 4 баласын байлап кеткен деп Өзбекстан жараны кармалды

© AFP / FRED DUFOURКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, коңшу өлкөнүн жарандары Ошко эмгек мигранты катары кирип, бардар жашаган адамдарды аныктаган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Өзгөн районунун Куршаб айылында бир үй-бүлөнү карактап кеткен деп өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, коңшу өлкөнүн жарандары Ошко эмгек мигранты катары келип, бардар жашаган адамдарды аныктап, үйүн тоноого кирген.

"21-ноябрда болжол менен түнкү саат 1.00дө 48 жаштагы тургундун үйүнө беткапчан белгисиз төрт адам кирип келген. Алар күч колдонуп, үй ээсин жана жубайын бычак менен коркутуп, 18 жашка чыга элек төрт баласын байлап коюшкан. Андан соң Samsung жана iPhone үлгүсүндөгү беш телефонду, алтындан жасалган зер буюмдарын алып, үй ээсинин Honda CR-V автоунаасын айдап кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Пачка денег и нож - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дүкөндү карактады деп үч жигит, бир кыз кармалды. Сүрөт
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Карактоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.

Натыйжада Өзгөн райондук милициясы жана Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыштуу топтун бири кармалды. Ал Анжиян облусунда жашаган Өзбекстандын 26 жаштагы жараны экени аныкталды. Далил катары беткап жана жабырлануучулардын автоунаасы менен телефону табылган.

Азыркы тапта кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо иштери жүрүп жатат. Алардын ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бар же жогу такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0