Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кетти делген жигит кармалды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала качуу тууралуу милицияга кыздын жакындары арыз жазган. Көп өтпөй ал Сокулук районунан табылган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Борбор калаада 19 жаштагы кызды ала качып кеткен деп шектелген жигит кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Ала качылды деген кыздын видеосун милиция дагы деле териштирип жатат
Ала качуу тууралуу милицияга 19-декабрда кыздын жакындары арыз жазып, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанынан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа салып кеткенин айткан.

Аталган факт 175-берене ("Турмуш куруу үчүн ала качуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Андан көп өтпөй ала качкан жигит Чүй облусунун Сокулук районунан табылып, анын 22 жашта экени аныкталды. Милиция аны убактылуу кармоочу жайына киргизгенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0