УКМК 15 миң доллар пара берген чет элдик компаниянын өкүлүн кармады

© AP Photo / Moises CastilloКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген техникалык долбоорго байланыштуу маселени оң жагына чечип берүү үчүн жер казынасын пайдалануу багытында көзөмөл кылчу адамга берилгени маалым болду.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 15 миң доллар пара берген чет элдик компаниянын өкүлү Д.Ч. кармалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин шектүүгө "пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Акча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген техникалык долбоорго байланыштуу маселени оң жагына чечип берүү үчүн жер казынасын пайдалануу багытында көзөмөл кылчу адамга берилген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коррупциялык иштерди аныктоо жана токтотуу боюнча пландык иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0