Бишкекте эки маршрутка кагышып, алты адам жабыркады

Жазылуу
Эки кичи автобус тең 7-Апрель көчөсү менен түндүк тарапка кетип баратышкан. Милиция окуяны териштире турганы айтылды.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Борбордо эки маршруттук унаа кагышып, алты киши жабыркады. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы кечээ, 22-декабрда, саат 09:40та 7-Апрель көчөсүндө болгон. Эки кичи автобус тең түндүк тарапка бараткан.

Кырсыктын кесепетинен ооруканага алты киши кайрылган. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0