Бишкекте кыз менен жигит катуу сабалдыбы? Милициянын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи применения физической силы в КР
Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Telegram-каналдардын бирине эки киши алгач жигитти, андан кийин аларды токтотууга аракет кылган кызды сабап жаткан видео тараган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыз менен жигитти эки киши сабап жаткан видео Бишкекте тартылган эмес. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бул Бишкекте болгон жок. Шаар аймагында мындай факты катталган жок", — дешти милициядан.

Эске салсак, Telegram-каналдардын бирине эки киши алгач жигитти, андан кийин аларды токтотууга аракет кылган кызды сабап жаткан видео тараган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары окуя Бишкекте болгон деп божомолдоп жатышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0