00:40 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
230 0 0

Коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек ара аймагын күчөтүлгөн тартипте күзөтүп жатат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Саат 18.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кырдаал курчуп кетпеши үчүн эки тараптын жарандары тактала элек жерлерге орноткон тосмолор алына баштады.

Коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек ара аймагын күчөтүлгөн тартипте күзөтүп жатат.

Бүгүн, 18-декабрда, эртең мененки саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен. Кыргызстандын 80дей, Тажикстандын 100дөй тургуну бири-бирине таш ыргытышкан.

Мындан улам бүгүн эки мамлекеттин тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жаткан маалда тажик тараптагылар таш ыргытып, ок чыгарган. Анда бир милиция кызматкерине ок тийген. Кийинки сүйлөшүүлөр маалында дагы ок атылып, беш адамдын жабыркаганы айтылган.

Тема боюнча

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: 5 киши жаракат алды, анын үчөө милиционер
Кыргыз-тажик чек арасы: сүйлөшүү учурунда милиционер ок жеди
Бири-бирин таш менен уруп. Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак
Белгилер:
Жаңжал, чек ара, Баткен, Тажикстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ