УКМК Казакстандан күйүүчү май ташыган мыйзамсыз каналды аныктады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба АКС ГКНБВыявление канала контрабандного ввоза ГСМ в КР железнодорожным путем
Выявление канала контрабандного ввоза ГСМ в КР железнодорожным путем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз жол менен алып кирүү боюнча бир нече факты аныкталган эле.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Кыргызстандын аймагына күйүүчү жана майлоочу майларды мыйзамсыз алып кирген каналдарды ачыктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган каналды жок кылууга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында бир нече факты аныкталды: 

© Фото / пресс-служба АКС ГКНБУКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Кыргызстандын аймагына күйүүчү жана майлоочу майларды мыйзамсыз алып кирген каналдарды ачыктады
УКМК Казакстандан күйүүчү май ташыган мыйзамсыз каналды аныктады. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Кыргызстандын аймагына күйүүчү жана майлоочу майларды мыйзамсыз алып кирген каналдарды ачыктады

— 13-декабрь күнү Коррупцияга каршы кызмат тарабынан "Кара-Балта" темир жол станциясынан 240 тонна күйүүчү май жүктөлгөн төрт цистерна-вагон кармалды. Өткөрүлгөн экспертизанын негизинде аталган вагондордогу заттар Аи-92 үлгүсүндөгү бензин экендиги белгилүү болду;

— темир жол станциясынын аймагында жасалма документтери менен республиканын түштүк областтарындагы май куюучу жайларга товар жеткирчү беш автоунаа кармалды.

—16-декабрда 120 тонна күйүүчү май жүктөлгөн дагы 2 вагон кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде төлөнбөгөн салыктар эсептелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0