Айдоочу Алга айылы жактагы айланма жолдон койлорду койдуруп кетти. Видео

© Sputnik / Александр ЛитвиненкоФестиваль Moscow Classic 2019
Фестиваль Moscow Classic 2019 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 17-декабрда болгон. Окуяны жолдогу туманды видеого тартып бараткан башка айдоочу тартып алган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Алга айылы жактагы айланма жолдон BMW үлгүсүндөгү автоунаа жолдон өтүп бараткан койлорду койдуруп кетти. Кырсык болгон учур видеого тартылып калган.

Ага ылайык, жол кырсыгы 17-декабрда болгон. Окуяны жолдогу туманды видеого тартып бараткан башка айдоочу тартып алган. Видеодон BMW үлгүсүндөгү автоунаа коюу тумандан улам жолдон өтүп бараткан бир короо койду көрбөй калып, аларды койдуруп кеткенин көрүүгө болот. Кесепетинен автоунаа он чакты койду тебелеп кеткен.

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы окуя такталып жатканын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0