Кулматов менен Ибраимовдун соту. Калгандарына кандай жаза каралат?

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба исполнения наказания
Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Албек Ибраимов бир нече кылмыш иши боюнча фигурант болууда. Сотко аралашкандардын арасында мэриянын мурдагы жана азыркы кызматкерлери бар.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкек шаарынын мурдагы башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго кандай жаза суралып жаткандыгын билдирди.

Ленин райондук соту төрт учурдун материалдары боюнча соттук иликтөөнү аяктады. Буга чейин Башкы прокуратура мамлекеттик айыптоочулар Кулматовду 15 жылга, ал эми Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну сурап жаткандыгын билдирген. 

Кулматов "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 2018-жылдын 18-майында кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек
Кулматов менен кошо капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыктын жетекчиси Сталбек Өмүрканов, "Альта Групп" курулуш компаниясынын түптөөчүсү Кубат Шаршекеев, "Айкөл-Строй" подрядчы фирмасынын экс-директору Сеиткан Алиев да күнөөлөнүүдө. Мамлекетке келген чыгымдын көлөмү 94 миллион 864 180 сом деп айтылган.

Албек Ибраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу"), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын маалыматына ылайык, Ибраимов мэр болуп турганда жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн. Ал 2018-жылдын 19-июлунан тарта камакта.

Ал эми "Дастан" транс улуттук ишканасына "И-239" деп аталган товарды кымбаттатылган баада сатып алганы боюнча "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Асылкүл Сасыбаева жана бухгалтер Бакытбек Мырзабеков сотто күнөөлүү катары өтүүдө. Мамлекетке келген чыгымдын көлөмү 22 миллион 26 миң сом болгон. Буга да Ибраимовдун байланышы бар экени айтылган.

Экс-мэрдин катыштыгы бар иштин бири — жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык иштер. Муниципалдык жерлерди биригип алган тараптарга берген коррупциялык схемага бир катар аткаминерлердин катыштыгы бардыгы айтылууда. Алар — мурдагы вице-мэр Ренат Макенов, Жер тилкелери боюнча башкармалыктын мурдагы жетекчиси Урмат Мурзаканов, "Бишкек башкы архитектуранын" азыркы башчысы Аскат Түлөбердиев, жер тилкелеринин бирин сатып алуучу Дмитрий Яковлев, андан башка дагы эки киши — Бакыт Турусбеков жана Азамат Гүлжигитов бар.

Экс-мэр Албек Ибраимов бул кызматка Кулматовдон кийин дайындалган. Ал жогорку иштерден сырткары "Солнечный берег" пансионатынын акцияларынын 100 пайызынын сатылуусу боюнча да фигурант болууда. Мындан мамлекетке 82 миллион 750 миң 556 сом зыян келгени айтылды.

Башкы прокуратурадан бул кылмыш иштерге Ибраимовдун тиешеси бар деп айтылгандыктан бир ишке бириктирилгенин билдиришти. Андыктан фемида өкүлдөрү эки кылмыш ишти бир карап жатат.

Мамлекеттик айыптоо тараптардын жарыш сөзүнөн кийин соттон Сасыбаева менен Мырзабековдон башкаларынын баарын күнөөлүү деп таап, жазалоону сурады. Ал эми экөөнө карата жогорку сунушту кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштырды.

Ренат Макенов, Урмат Мурзаканов жана Аскат Тулебердиевге мамлекеттик айыптоо мүлкүн конфискациялап жана 8 жыл эркинен ажыратууну сурады. Эгерде фемида өкүлдөрү чечим кабыл алса, алар эки жыл мамлекеттик кызматта иштей албайт;

Кол булгап, ыйлап... Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин сот залынан видео - Sputnik Кыргызстан
Кол булгалап, ыйлап... Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин сотунан видео
Дмитрий Яковлев, Бакыт Турусбеков жана Азамат Гүлжигитовго мүлкүн конфискациялап, 8 жыл эркинен ажыратууну жана мамлекеттик кызматка иштөөгө тыюу салууну сурады;

Сталбек Өмүркановго, Кубат Шаршекеевге, Сеиткан Алиевге мүлкүн конфискациялап, 15 жыл эркинен ажыратууну сурады. Эгерде фемида өкүлдөрү чечим кабыл алса, алар эки жыл мамлекеттик кызматка иштей албайт.

Башкы прокуратура соттолуп жаткандарды, алардын ичинен эки экс-мэрди атайын ардактуу наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу сунушун киргизди.

Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовдон "Дастан" ишканасына келген 22 миллион 26 миң 160 сомдук чыгымды кайтарууну сурады. Мындан сырткары, андан жана Кулматовдон, Өмүракуновдон, Шаршекеевден жана Алиевден 94 миллион 864 миң 180 сомду жана буюмдарды өндүрүүнү сунуш кылды.

Тергөө учурунда "Солнечный берег" пансионатын сатуудан түшкөн 82 миллион 750 миң 556 сом мамлекетке кайтарылмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0