Суусамырда малчыны өлтүрүп, дөңгөлөк менен бастырып койгон. Шектүү кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип сакчыларынын айтымында, каргашалуу окуя 18-октябрда болгон. Тергөө иштери ошондон бери жүрүп келгени анык болду.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Суусамыр өрөөнүндө жаңы эле таанышкан адамды өлтүрүп койду деп шектелип, 23 жаштагы малчы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Ушул жылдын 18-октябрь күнү саат 21.30дар чамасында Жайыл райондук милициясына Кожомкул айылынын жайытында эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргонгом... Өгөй уулуна бычак урган 73 жаштагы кишиге өкүм чыкты
Жерине барган ыкчам топ кыйнап өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн таап, аталган факты Жазык кодексинин 130-беренесине ("Адам өлтүрүү") ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Төргөө маалында маркум Кожомкул айылына жакын жердеги сарайда мал багып иштеген 37 жаштагы К.К. экени аныкталган.

"Ал ошол күнү 23 жаштагы Р.Б. аттуу малчы менен таанышып, экөө арак ичип отуруп уруша кетиптир. Р.Б. бөтөлкөлөшүн сабап, колу-бутун таңып салган. Андан соң оозуна баш кийимин тыгып койгон. Качан гана ал жан бергенде сөөктүн үстүнө автоунаанын дөңгөлөгүн бастырып коюп кетип калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция шектүүнү Ысык-Көл облусунун аймагынан кармады. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0