Айдоочулук күбөлүк алып берем деп 50 миң сомдон алган. Шектүү кармалды

Жазылуу
Жалпысынан алданган 40тай адам арыз жазган. Бул иш менен үч тергөөчү алек болууда. Шектүүдөн жабыр тарткандар болсо, милицияга кайрылышы керек.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүк алып берем деп 40тан ашуун адамды алдап кетүүгө шектелип Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын 33 жаштагы П.К. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваАйдоочулук күбөлүк алып берем деп 40тан ашуун адамды алдап кетүүгө шектелип Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын 33 жаштагы П.К. аттуу тургуну кармалды
Айдоочулук күбөлүк алып берем деп 50 миң сомдон алган. Шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан
Айдоочулук күбөлүк алып берем деп 40тан ашуун адамды алдап кетүүгө шектелип Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын 33 жаштагы П.К. аттуу тургуну кармалды

Анын айтымында, колго түшүрүлгөн жаран Мамлекеттик каттоо кызматына байланыштуу иштерди бүтүрүп, негизинен айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап ири суммадагы акчага алдаган деп шектелүүдө. Жабырлануучулардын саны 40тан ашып, үч тергөөчү "Алдамчылык" беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады.

"Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү Ош шаарынын Өскөналиев көчөсүнөн ижарага кеңсе алып, "Автошкола" деген жазуу илип койгон. Келгендерди каттап, өзүн ал жайдын директору катары тааныштырган. Арыздануучулардын айтымында, өз атын жашырып, Орунбаев Куштар деп таанышкан. Окууга келген адамдарга бардык категориядагы унаа айдоого укук берчү күбөлүк алып берерин айтып, 20 миң сомдон 50 миңге чейин акча алып турган. Иш жүзүндө мектеп эч кандай каттоодон өтпөгөнү аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Милиция ал киши буга чейин алдамчылык боюнча кармалып, сот тарабынан үй камагына чыкканын кошумчалады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо бөлүмү кимде ким бул жарандан жабыр тарткан болсо, аталган бөлүмдүн 03222-6-27-57 телефон номери аркылуу кабар берип коюусун өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0