Схема түзүшкөн. Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКонверттеги акча. Архив
Конверттеги акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип турганы үчүн акча алып келишкен.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын бир катар кызматкерлери жеке компаниялардан мыйзамсыз акча түшүп турган схеманы түзгөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЭкологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын бир катар кызматкерлери жеке компаниялардан мыйзамсыз акча түшүп турган схеманы түзгөнү аныкталды
Схема түзүшкөн. Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды - Sputnik Кыргызстан
Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын бир катар кызматкерлери жеке компаниялардан мыйзамсыз акча түшүп турган схеманы түзгөнү аныкталды

Билдирмеге караганда, шектүүлөр архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип турганы үчүн акча алып келишкен.

Кол кишен кармап турган ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары
Факты боюнча буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 319 ("Коррупция") жана 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

6-декабрь күнү Экотехинспекциянын башкармалыктарынын биринин А.Т. аттуу жетекчиси жана Б.Б. аттуу башкы инспектору 2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында жалпы жонунан инспекциянын алты кызматкери УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0