05:51 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
248 0 0

"Арай Глобал" компаниясы Европанын жети өлкөсүнө жумушка орноштурууну убадалап, ар бир жарандан 800-1600 доллардан алган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалап сызга отургузуп кеткен "Арай Глобал" компаниясы лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу Миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун жетектөөчү адиси Эсенбек Эргешов билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин шылуундук компаниянын тузагына түшкөн жарандардын арыз-муңун угуп, материал даярдаган. Анда "Арай Глобал" Польша, Германия, Финляндия, Израиль, Эстония, Латвия жана Чехия мамлекеттерине жөнөтөм деп ар бир жарандан 800-1600 доллардан алганы белгилүү болгон. Миграция кызматы ал компаниянын бир гана Түркияга жумушка орноштурууга лицензиясы болгонун билдирген.

"Миграция кызматынын комиссиясы "Арай Глобал" агенттиги өз ишмердиги тууралуу жарандарга жалган маалымат берип, алдап кеткени үчүн уруксат кагазын жокко чыгарды", — деди Эргешов.

Компаниянын ээси Талгат Болотов жана кызматкерлер жабырлануучулар менен байланышты үзүп койгон. Учурда бул ишти ИИМ менен Финпол тергеп жатат.

Тема боюнча

Маселе болсо кайрылып тургула. ТИМ чет жактагы жарандар үчүн атайын номер ачты
Алды 1600 доллар берген. Чет өлкөгө жөнөтөм деп 60 адамды алдаган агенттиктин чуусу
Белгилер:
лицензия, тергөө, алдамчылык, жумуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ