Германияда адам өлтүрүүдөгү кыргыз паспортунун изи. Каттоо кызматы эмне дейт?

© AFP / Christoph Soeder / dpaУбийство мужчины грузинского происхождения в Германии
Убийство мужчины грузинского происхождения в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөрдүн паспортторунун сүрөтү немец басылмаларына жарыяланып, алардын аты-жөнү толугу менен берилген.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Германияда болгон адам өлтүрүү боюнча жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөдө аты аталган үч кишиге Кыргызстан паспорт берген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Шектүүлөрдүн паспортторунун сүрөтү немец басылмаларына жарыяланып, алардын аты-жөнү толугу менен берилген. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, иликтөөдө аты аталган кишилер Кыргызстандын каттоо кызматтарында катталган эмес.

"Аталган паспорттордун жасалма экени аныкталды. Себеби анда көрсөтүлгөн персоналдык идентификациялык номерлер (ПИН) Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында жок. Андыктан ПИН ойдон гана чыгарылып жазылган", — деп айтылат маалыматта.

Главный специалист департамента регистрации населения при ГРС Гулбарчын Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Турдубаева: СССРдин паспортун алмаштырбай жүргөн жарандар бар
Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттун сериялык номерлерин текшерип, алардын бири Кыргызстандын жараныныкы болуп чыкканын кошумчалады. Маалымат базасында ал колдонулуп жатат деп катталган. Бирок ал кандай жол менен шектүүлөрдүн колуна түшүп калганы белгисиз. Мамкаттоо паспорт жоголуп кетип, ээси ал тууралуу тийиштүү жактарга кайрылбаган болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ал эми экинчи паспорт да жасалган, бирок анын ээси жоготуп алгандыктан жараксыз деп табылган.

"Жарандардын жоголгон паспорттору аны жасалмалоонун башкы себеби болуп эсептелет. Андыктан Каттоо кызматы жарандардан документтерге өтө маани берүүнү суранып, жоголгон учурда тезинен тийиштүү тараптарга кайрылуу зарылдыгын эскертет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамсыз паспорт берилип кетүү учурларын таптакыр жокко чыгаруу боюнча аракеттер жүрүп жатканын маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0