Чүйдө чет элдик жаран тонолду. Шектүүлөрдүн арасында келин бар. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи нападения на людей в КР
Случаи нападения на людей в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдөн келген жаран жашаган үйгө бейтааныш адамдар кирип келип, 70 миң сомдон ашык акчасын жана короодо токтоп турган Ford Mondeo автоунаасын алып кетишкен.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Чүйдө чет элдик жаранды тоногон деп кармалган шектүүлөрдүн арасында бир келин бар. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЧүйдө чет элдик жаранды тоногон деп кармалган шектүүлөр
Чүйдө чет элдик жаран тонолду. Шектүүлөрдүн арасында келин бар. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө чет элдик жаранды тоногон деп кармалган шектүүлөр

Билдирүүгө караганда, 5-декабрь түнү саат 1.40тар чамасында Сокулук райондук милициясына кабар түшкөн. Жерине барган ыкчам-иликтөө тобу 49 жаштагы чет өлкөлүк жаран тонолгонун каттаган.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: кишини батирде сабап, кармап отурушкан. Шектүү кармалды
Жабырлануучунун айтымында, ал жашап жаткан үйгө бейтааныш адамдар кирип келип, 70 миң сомдон ашык акчасын жана короодо токтоп турган Ford Mondeo автоунаасын алып кетишкен.

Аталган факт Жазыктар кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Райондук милиция ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 24 жана 33 жаштагы эки эркек жана 31 жаштагы аял кармалды. Ал эми кылмышкерлер алып кеткен автоунаа Нарын облусунун Жумгал районунда табылган.

Шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0