Сокулук милициясынын башчысы аралашкан кырсыктан жабыркаган киши көз жумду

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиСокулук РИИБдин жетекчиси Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгы
Сокулук РИИБдин жетекчиси Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Максат Чойбеков жол кырсыгына кабылгандан кийин кызматтан четтетилген.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Сокулук РИИБдин жетекчиси Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгынан жабыркагандардын бири ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ысык-Көл облусунда болгон беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө 5 кишинин өмүрүн алган кырсык. BMW X5 айдоочусуна соттун өкүмү чыкты
Эске салсак, 7-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы болгон. Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышып, бустун айдоочусу менен бир жүргүнчүсү жабыркаган.

Маалыматка караганда, бустун ичиндеги жабыркагандардын бири Улуттук госпиталга оор абалда жеткирилген. Ал эми милиционер дарыгерлерге көрүнгөндөн кийин үйүнө жиберилген.

"Жабырлануучу алган жаракатынан улам кечээ, 9-декабрь күнү, саат 11:00дө көз жумду", — дешти министрликтен.

Кийинчерээк облустук ИИББден Чойбеков иштен четтетилгенин билдиришкен. Милиционер мас абалында болгон-болбогону боюнча экспертизадан өтүүдөн баш тартып койгон. Иш объективдүү каралышы үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0