Ок сөөгүн талкалап кеткен. Бишкектеги атышуудан жабыркагандардын абалы айтылды

© Sputnik / Нурис Алымбаев10-декабрда түндө Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон ок атушуу
10-декабрда түндө Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон ок атушуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңжалдан жаракат алган адамдардын экөө травматология бөлүмүндө, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкекте болгон атышуудан жаракат алган адамдардын бири оор абалда жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

Белгилей кетсек, 10-декабрда түндө Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылып, төрт машина жабыркаганы айтылган. Ишенимдүү булактын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаңжалдаша кеткен.

Кийинчерээк атышуу учурунда ок тийип үч киши ооруканага кайрылганы белгилүү болду.

"Бел тарабынан жаракат алган бир адамга түндө ыкчам операция жасалган. Экинчисине тийген ок сан сөөгүн талкалап кеткен. Үчүнчүсү автокырсыктын кесепетинен кызыл ашыгын сындырып алган", — деди Жумабеков.

Учурда экөө травматология бөлүмүндө, белинен жарадар болгон киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0