Бишкекте машинадан 8 миң доллар уурдалды. Шектүүдөн курал-жарак табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүУнаанын терезесин сындырып жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт
Унаанын терезесин сындырып жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү киши кармалып, соттун чечими менен убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө экспериментин өткөргөн маалда жанынан курал табылган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте машинадан 8 миң доллар жана документтер салынган баштыкты алып кетти деп шектелген киши кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского районаБишкекте машинадан 8 миң доллар жана документтер салынган баштыкты алып кетти деп шектелген киши кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди
Бишкекте машинадан 8 миң доллар уурдалды. Шектүүдөн курал-жарак табылды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте машинадан 8 миң доллар жана документтер салынган баштыкты алып кетти деп шектелген киши кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди

2-декабрда милицияга жабыркаган киши кайрылып, анын буюмдарын уурдап кеткендерге чара көрүүнү суранган. Жапа чеккен кишинин айтымында, 2-декабрда саат 11:45 менен 12:30дун ортосунда белгисиз адамдар Toyota 4Runner үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин сындырып, акчасын жана документтерин уурдап кеткен.

© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского районаШектүүнүн катышуусу менен атайын тергөө аракети жүрүп, ал айдап жүргөн автоунаадан "Форт 12рм" үлгүсүндөгү тапанча, төрт патрон, бычак, эки рация, дүрбү, автоунаанын номери, кол кап жана башка заттар табылган
Бишкекте машинадан 8 миң доллар уурдалды. Шектүүдөн курал-жарак табылды - Sputnik Кыргызстан
Шектүүнүн катышуусу менен атайын тергөө аракети жүрүп, ал айдап жүргөн автоунаадан "Форт 12рм" үлгүсүндөгү тапанча, төрт патрон, бычак, эки рация, дүрбү, автоунаанын номери, кол кап жана башка заттар табылган

Уурулук фактысы боюнча 25 жаштагы киши шектүү катары кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Шектүүнүн катышуусу менен атайын тергөө аракети жүрүп, ал айдап жүргөн автоунаадан "Форт 12рм" үлгүсүндөгү тапанча, төрт патрон, бычак, эки рация, дүрбү, автоунаанын номери, кол кап жана башка заттар табылган.

Учурда экспертиза дайындалды. Шаардык милициядан кабарлашкандай, кармалган кишинин башка кылмыштарга дагы тиешеси болушу ыктымал.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0