Жол кырсыгына кабылган Сокулук милициясынын башчысы кызматтан четтетилди

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиДТП с участием начальника Сокулукского РОВД
ДТП с участием начальника Сокулукского РОВД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы болгон. Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышкан.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Чүйдө жол кырсыгына кабылган Сокулук РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Максат Чойбеков кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

ДТП в селе Бактуу-Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Депутат Абжалиевдин уулу аралашкан кырсык. Иш сотко өттү
Эске салсак, 7-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы болгон. Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышкан.

Кырсыктан микроавтобустун айдоочусу ар кандай жаракат алып, Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген. Ал эми Чойбековдун мас абалында болгон-болбогонун Ысык-Ата районунун тергөө органдары иликтей турганы айтылган.

"Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал эми жетекчи убактылуу кызматынан четтетилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча иштин жүрүшүн ИИМ өзү көзөмөлдөмөкчү. Министрликтин ички иликтөө кызматы териштирүүсүн баштады.

Зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0