Россияда кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы болуп, 4 киши каза тапты

Жазылуу
Аталган факты боюнча Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу иштеп жатат. Кыргыз диаспорасы жабыркагандардын туугандарын издөөдө.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Оренбург жана Акбулак (Россия) жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Маалыматты Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен тастыкташты.

Скорая помощь - Sputnik Кыргызстан
Россияда жол кырсыгынан 25 жаштагы кыргызстандык жигит каза болду
Ага ылайык, Казакстан менен чектеш Соль-Илецк шаарынын аймагындагы Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымында минивэн Mercedes менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген. Учурда каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын бары-жогу такталууда.

Аталган факты боюнча Оренбургдагы ардактуу консул иш алып барып жатат. Кыргыз диаспорасы жабыркагандардын туугандарын издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0