Ноокенде адамдарды көздөй ок аткан киши кармалды

Жазылуу
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү жана жүргөн жери аныкталып, ок атуучу куралы далил буюм катары алынган.

БИШКЕК, 6-дек. – Sputnik. Ноокенде "колундагы куралын адамдар турган жакка каратып ок чыгарды" деген киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИББден билдиришти. 

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиНоокенде "колундагы куралын адамдар турган жакка каратып ок чыгарды" деген киши кармалды
Ноокенде адамдарды көздөй ок аткан киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде "колундагы куралын адамдар турган жакка каратып ок чыгарды" деген киши кармалды

Маалыматка караганда, окуя 5-декабрь күнү саат 17.00дөр чамасында Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу "Кыргызнефтегаз" ААКнын газ бөлүштүрүүчү станциясынын жанында болгон.

"Майлуу-Суу шаарынын 50 жаштагы Ш.Б. аттуу тургуну кочкораталык А.А. менен Е.П. деген кишилер турган тарапты көздөй ок чыгарган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ээнбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган", — дешти милициядан.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү жана жүргөн жери аныкталып, ок атуучу куралы далил буюм катары алынган.

Учурда шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0