Жантөрө Сатыбалдиевди актоону суранып 8 экс-премьер сотко кайрылды

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЭкс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев
Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы өкмөт башчыны 11 жыл 3 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сунуштаган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияга тиешеси бар деп айыпталган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн сотто акыркы сөзүн айтты.

Ал жемкорлукка аралашпаганын айтып, соттон өзүн актоону суранды. Ушундай эле өтүнүч менен экс-премьерлер да сотко кайрылуу жасаганын белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.

Сатыбалдиевдин айтымында, актоону сурангандардын катарында Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Жоомарт Оторбаев, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Темир Сариев бар.

"Мен мекен, үй-бүлө, неберелеримдин жана өз абийиримдин алдында тазамын", — деп сөзүн жыйынтыктады экс-премьер.

Сатыбалдиев акыркы сөзүн бир сааттан ашуун убакытта айтып бүттү.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковду 15 жылга кесүү сунушталды. ТЭЦ боюнча соттук иликтөө соңуна чыкты
Мамлекеттик айыптоочулар Сатыбалдиевди 11 жыл 3 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сунуштаган.

Жараян Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктаганын билдирген. Натыйжада Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып, TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнү аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0