Кара-Балтадагы батирлердин биринен эне менен кызынын сөөгү табылды

Жазылуу
Жерине келген ыкчам топ маркумдардын денесинен мыкаачылыктын белгилерин байкаган эмес. Милициянын маалыматы боюнча, маркумдар 71 жана 40 жаштагы эне менен кызы экенин аныктаган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Абактагы адам. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Ош: аялынын өлүмүнө шектелип из жашырган эркек кармалып, камакка алынды
Ага ылайык, аялдардын сөөгү табылганы боюнча билдирүү 5-декабрда Жайыл райондук милициясына келген.

Жерине келген ыкчам топ маркумдардын денесинен мыкаачылыктын белгилерин байкаган эмес. Милициянын маалыматы боюнча, маркумдар 71 жана 40 жаштагы эне менен кызы экенин аныктаган.

Алдын ала маалымат боюнча, маркумдардын сөөгүн алардын жакын досу таап, милицияга кабарлаган.

"Алар өз өмүрүн кыюуну чечкенин, ал үчүн эч кимди күнөөлөбөө керектигин айтып кат жазып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0