Токмокто практиканттын колуна кишен салып тийишкен деп милиционер айыпталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗордук көрсөтүү. Иллюстративдүү сүрөт
Зордук көрсөтүү. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер бөлүмүнө практикага келген 17 жашар кыз колуна кишен салынып, ага кызматкер тийише баштаганда ошол жердеги курбу кызына билдиргенге жетишип калган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү өзүнүн кабинетинде ошол жерге практикага келген 17 жашар кыздын колуна кишен салып тийишкен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга тартип коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди.

"Окуя 5-декабрда Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн имаратында болгон. Тергөөчү практикага келген жаш кызды кабинетине киргизип, ичинен бекитип, колуна кишен салып, тийише баштаган. Бул учурда кыз ошол жерде практика өтөп жүргөн курбусуна жазганга үлгүргөн. Ал милиция кызматкерлери менен бирге жардамга келгенге жетишип калган", — деп айтып берген ал.

Кыз жергиликтүү прокуратурага арыз жазган. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан мындай арыз келип түшкөндүгүн тастыкташты.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0