Кадамжайда мал уурдап, этин сатып жүргөн үч киши, бир аял кармалды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүСеление Верхний Джалган Дербентского района Дагестана
Селение Верхний Джалган Дербентского района Дагестана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн аял 31 жашта, эркек кишилер 27 жашта болгону айтылат. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан 10 бодо мал уурдоого шектелип, үч эркек, бир аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Билдирмеге караганда, үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери жашоочулардын бодо малы  короосунда жана үлүш жеринде байланып турган жеринен уурдалып жатканы боюнча райондук милицияга арыз түшкөн. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан 10 бодо мал уурдоого шектелип, үч эркек, бир аял кармалды
Кадамжайда мал уурдап, этин сатып жүргөн үч киши, бир аял кармалды - Sputnik Кыргызстан
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан 10 бодо мал уурдоого шектелип, үч эркек, бир аял кармалды
"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы, Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы жана Ноокат районунун 31 жаштагы (аял) тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Төртүнчү шектүү, Үч-коргон айылынын 27 жаштагы тургуну, Бишкек шаарынан колго түшүрүлүп алып келинди", — деп билдирди маалымат катчы.

Тергөө иштеринин алкагында аталган топ Үч-Коргон айыл аймагынан 10 баш бодо мал уурдап, ээн талаада союп, этин дүкөндөргө жана ашканаларга сатып жүрүшкөнү аныкталган.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0