Түндө "Орто-Сай" базарында өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта базардын аймагындагы дүкөндүн чатырынын бир бөлүгү күйгөнү айтылды. Тилсиз жоо бир сааттан кийин өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын аймагында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Короче" аталышындагы Telegram-каналында айтылат.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт тууралуу кабар 3-декабрга караган түнү саат 00:04тө келип түшкөн. Кырсык Жукеев-Пудовкин менен Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Натыйжада дүкөндүн чатырынын 100 чарчы метри күйгөнү белгилүү болуп, өрт бир сааттан кийин өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат. Жабыркагандар жана каза тапкандар тууралуу айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0