БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Голливуддук белгилүү актёр Леонардо Ди Каприо Амазония токоюна өрт коюуга тиешеси бар деп айыпталууда. Бул туурасында ВВС жазды.
Маалыматка караганда, Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Ди Каприо токойго өрт койгондорго демөөрчү болгонун билдирген. Бирок андай маалыматты каяктан алганын тактаган эмес. Буга чейин ал актёрго тиешелүү коммерциялык эмес уюмду өрттү тутандырган деп бир нече ирет күнөөлөп келген.
"Леонардо Ди Каприо Амазонияны өрттөөгө акча берет. Жапайы жаратылышты коргоо дүйнөлүк фонду Бразилияга каршы аракетин баштады. Ди Каприо бул үчүн 500 миң доллар берген. Токойду өрттөгөн адамдар акчасынын жарымын алышты. Леонардо Ди Каприо, сен токойду күлгө айлантууга акча берип жатасың, мындай болбойт", — деп айткан Болсонару.
Өз кезегинде Ди Каприо Брализия президентинин айткандарын четке кагып, уюмга чынында эле каражат бөлгөнүн, бирок алар өрт койбогонун билдирген.