Буту сынганча сабап, талаага ат менен сүйрөп барып өлтүрүшкөн. Соттук чечим

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүФестиваль Las Luminarias в Испании
Фестиваль Las Luminarias в Испании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына караганда, маркумдун эки бутунун кыр сөөгү сынып кеткен.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Айылдашын мыкаачылык менен өлтүргөн сегиз жаран сот жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланат.

Курал көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак доолаган айылдашын аткылап... Чүйдөгү окуя боюнча өкүм чыкты
Маалыматка караганда, адам өмүрүн алган окуя Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда элеттиктер күндүз улак ойноп, кечинде куурдак жегени үйгө чогулуп арак ичишкен. Ошондо жабырлануучу эшиктин алдында токтоп турган унаанын дөңгөлөгүн бычак менен жарып кетип калган. Болгон окуяны үйдө отургандар угуп дөңгөлөктү жарган киши менен сүйлөшүү үчүн ага барып, телефон чалып чакырышкан. Алардын ортосунда уруш чыгып, топтошкон жигиттер анын эки буту сынганча сабаган. Андан соң мойнуна жип салып, ат менен талаага сүйрөп барып муунтуп өлтүрүшкөн.

Териштирүү маалында айыпталуучулар күнөөсүн толук жана жарым-жартылай мойнуна алышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, маркумдун эки бутунун кыр сөөгү сынып, денесинде көптөгөн көгала жана түрдүү жаракаттар табылган.

Фемида өкүлдөрү соттолуучулардын бирин 13 жылга, экинчисин 2,5 жылга эркинен ажыратып, төртөөсүн үч жылга пробациялык көзмөлгө алып, экөөнө 260 миң сомдон айып пул салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0