Кыргызстандын жол кырсыгы көп болгон аймактары. Жүрөк ооруткан графика

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия ДТП на трассе Бишкек — Ош. Архивное фото
Последствия ДТП на трассе Бишкек — Ош. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өлкө аймагында 4500дөн ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 529 адам көз жумган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын тогуз айында 4179 автоунаа кырсыгы болсо, быйыл бул убакыт аралыгында анын саны 4691ге жетти. 

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын көпчүлүгү кайсы аймакта катталган?
Кыргызстандын жол кырсыгы көп болгон аймактары. Жүрөк ооруткан графика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын көпчүлүгү кайсы аймакта катталган?

Республика аймагында 2019-жылдын тогуз айында болгон жол кырсыктарынын көпчүлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталган. 

Тогуз айда жол кырсыгынан канча адам жаракат алып, канчасы каза болду?
Кыргызстандын жол кырсыгы көп болгон аймактары. Жүрөк ооруткан графика - Sputnik Кыргызстан
Тогуз айда жол кырсыгынан канча адам жаракат алып, канчасы каза болду?

Башка облустарга салыштырмалуу авариядан Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынан көп адам көз жумган.

Эске сала кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 12 айында өлкө боюнча 5995 жол кырсыгы болуп, анда 716 адам мерт кеткен.

Адам өмүрүн алган жол кырсыктары борбор калаанын кайсы көчөлөрүндө көп болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуп билип алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0